УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тимурлан Ташиев дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолун баяндаган тасманын башкы продюсери экени айтылууда.
Сотармактарда Тимурлан Ташиев менен "Айтматов" тасмасынын режиссёру Каныбек Калматовдун сүйлөгөнү тартылган видео тарап жатат. Анда режиссёр жанында турган Тимурлан Ташиевди көрсөтүп, "башкы продюсерге ыраазычылык, анткени биз бирге тарттык" дегенин угууга болот.