Ош облусундагы "Кара-Суу" базары президенттин Иш башкармалыгына өттү. Бул маалыматты бүгүн, 9-октябрда мекемеден тастыкташты.
Маалым болгондой, аталган базар "Кыял" ишканасынын карамагына киргизилди. Эми сатуучулар 10 күндүн ичинде жаңы келишим түзүшү керек болот. Анткени мурдагы түзүлгөн келишимдер өз күчүн жоготору маалыматта кошумчаланды.
Маалымат үчүн: Кара-Суу базары Борбордук Азиядагы эң ири базарлардын бири. 1984-жылы негизделген бул базар эң талаштуу базарлардын бири болуп келет.