Бүгүн, 9-октябрда Парижде өткөн эл аралык илимий конференцияда 2014-жылы тартылган кыргыздын "Курманжан Датка" тарыхый тасмасы талкууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, француз тарыхчысы, Борбор Азияны изилдөө боюнча Француз институтунун өкүлү Ксавье Аллез режиссёр Садык Шер-Нияз тарткан тасма тууралуу баяндама жасады. Ал тасманын сценарийинин жаралышына жана анын акыркы вариантына саясий чечимдердин таасирине токтолду.
Мындан тышкары, "Курманжан Датка" тасмасына арналган илимий изилдөөлөр 2021-2025-жылдары бир нече эл аралык журналга жарыяланганы белгилүү болду.