Эстонияда күйүүчү майдын кымбатташынан улам аны уурдоо фактылары көбөйдү. Бул тууралуу ERR телерадиокомпаниясы өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын башынан бери өлкөдө күйүүчү май уурдоого байланыштуу 2 миңден ашык учур катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөн 50 пайызга көп.
Буга чейин ERR Эстонияда бир жыл ичинде бензиндин баасы 33,8 пайызга, ал эми дизель майынын баасы 58 пайызга өскөнүн билдирген. Сентябрдын аягында дизель майынын бир литри 2,4 еврого чейин жетип, рекорддук деңгээлге чыккан.
Өлкөнүн Юстиция министрлиги күйүүчү май уурдоо учурлары системдүү мүнөзгө өтүп жатканын белгилеген. Министрликтин маалыматына караганда, мындай көрүнүштөр айрым адамдардын бир жолку уурдоосуна караганда уюшкан аракеттерге көбүрөөк окшош.
Мисал катары, жакында сотто каралган иште бир май куюучу жайдан ондогон жолу май уурдоо жасалып, жалпысынан 67 миң литр дизель майы алынганы айтылган.
Учурда Эстониянын полициясы жана прокуратурасы компанияларга ири зыян келтирген кайталап жасалган уурдоо фактыларына басым жасап, май куюучу жайлар менен биргеликте мындай кылмыштардын алдын алуу жана далилдерди чогултуу иштерин жүргүзүүдө.