Манас шаарында мэрдин кубогу үчүн тогуз коргоол боюнча эл аралык рейтингдик мелдеш башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борбору билдирди.
Мелдештин ачылыш аземине мэриянын аппарат жетекчиси Нурбек Караев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мендирман Элеманов жана дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Канатбек Куламидинов катышып, спортчуларга ийгилик каалашты.
Мелдешке Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жана Өзбекстандан келген жалпы 162 спортчу катышууда.
Мелдештин жеңүүчүсү Манас шаарынын мэринин кубогуна ээ болуп, "Кыргыз Республикасынын спорт чебери" наамын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.