Биз социалдык тармакта

Казакстанда каза болгон 14 аскердин элесине эстелик тургузуу сунушталды

Казакстандык сүрөтчү жана окутуучу Алмурат Ахметов Каспий деңизинин жээгиндеги Актауда машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкеринин элесине арналган эстеликтин долбоорун сунуштады. Бул тууралуу казакстандык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, эстеликте асманга учуп бараткан 14 куштун элеси чагылдырылган.

Автордун айтымында, долбоор аскерлердин эрдигин даңазалап, алардын ысымдарын элдин эсинде сактоого багытталган.

Белгилей кетсек, 24-сентябрда Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда 17 аскер сууга түшүп кеткен. Алардын 14ү каза болуп, үчөө куткарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан