Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктап, Бишкекке келди. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Билдирүүдө мамлекет башчысы 8-октябрда Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын президенттеринин консультативдик жолугушуусуна катышканы, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөнү жана КМШ өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштарынын фестивалына барганы айтылат.
Ал эми 9-октябрда президент КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышып, 2028-жылы кыргыздын көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштаган. Иш-чаранын жүрүшүндө өлкө лидерлери 13 документ кабыл алышкан.