Бүгүн, 9-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Иш-чара Сокулук районунун Белек айылында өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Салтанатта сөз сүйлөгөн Марлен Маматалиев Чүй өрөөнүнүн тарыхый маанисине токтолду. Анын айтымында, аймак байыртадан Улуу Жибек жолунун маанилүү борборлорунун бири болуп, чыгыш менен батышты байланыштырган.
Ошондой эле төрага Бурана мунарасы, Баласагын жана Ак-Бешим сыяктуу тарыхый жайлар Чүйдүн байыркы тарыхын айгинелеп турарын белгиледи.
Ал акыркы жүз жыл ичинде Чүй облусу өнөр жай, транспорт, соода-логистика жана экономика тармактарында өнүккөнүн айтты. Мындан тышкары, аймактын мындан аркы өнүгүүсүнө багытталган пландар бар экенин кошумчалады.
Салтанат театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолду. Ошондой эле улуттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектерди берүү пландалууда.