Биз социалдык тармакта

Бишкекте Борбор Азиянын 26-Медиа конференциясы өтүүдө

Бүгүн, 9-октябрда, Бишкекте 26-Борбор Азия медиа конференциясы башталды. Иш-чара ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча өкүлүнүн кеңсесинин колдоосу менен өтүүдө. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, конференциянын ачылышында министрдин орун басары Кайрат Турсункулов сөз сүйлөп, медиа тармагындагы аймактык диалогду чыңдоонун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле кесипкөй журналистиканы өнүктүрүү, санариптик технологиялардын жана жасалма интеллекттин жайылышы менен байланышкан мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар талкууланды.

Иш-чаранын алкагында Кайрат Турсункулов ЕККУнун ЖМК эркиндиги боюнча өкүлү, элчи Ян Брату менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгы, аймактагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана журналистиканын кесиптик стандарттарын өнүктүрүү маселелери каралды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташууну улантууга жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча байланышты кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан