Ош облусунун Кара-Суу районундагы бала бакчалардын биринде 6 жаштагы кызга карата ыплас аракеттер жасалганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Окуяга тиешеси бар деп шектелген жарандар тергөө кызматына жеткирилип, суракка алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (Ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо жана тараптардын көрсөтмөлөрүн текшерүү максатында экспертизалар дайындалган. Алардын айрымдарынын корутундулары азырынча даяр боло элек.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында окуяга укуктук баа берилери белгиленди.