Биз социалдык тармакта

Бишкектин борборунда чет элдик жаран зордук-зомбулукка кабылганы айтылды

Бишкекте чет элдик жаранга кол салуу болуп, анын буюмдары тонолгону жана зордук-зомбулукка кабылганы айтылууда. Бул тууралуу жабырлануучунун жакындары Kaktus.media басылмасына билдиришкен.

Маалыматка ылайык, окуя 9-октябрда таңкы саат 05:30 чамасында Токтогул көчөсүндө, Свердлов райондук прокуратурасынын жанында болгон. 2002-жылы туулган жаранга 6-7 белгисиз адам кол салып, бычак менен коркутуп, акчасын, телефонун жана башка буюмдарын тартып алганы айтылат.

Жакындарынын билдиришинче, белгисиз адамдар аны даракка байлап, зордук-зомбулук көрсөтүшкөн.

Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, өз өлкөсүнүн консулдугуна да кабар берген.

Окуя боюнча Бишкек шаардык милициясы жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы кошумча маалымат берери күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан