Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө балык тоютун импорттоого тыюу салынганын билдирди.
Өкмөт башчы мындай чара ата мекендик өндүрүштү колдоо үчүн керек экенин белгиледи.
"Жергиликтүү жана сырттан келген балык тоюттарынан проба алып, Алматыга экспертизага жиберип, жыйынтыгын алдык. Эч кандай айырма аныкталган жок. Сапаты бирдей болуп чыкты. Өзүбүздөн чыккан жемдин сапаты начар деген жалган шылтоону токтоткула.
Өзүбүздө өндүрүлгөн балык жеми өлкөдөгү чарбалардын муктаждыктарын толук жапкандан сырткары, экспортко чыгарууга да жетет. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдойлу. Бизде “өндүрүш жок” дегендер четтен чыгат. Өндүрүш жолго коюлуп иштеп баштаса аны баса калып, каралашат. Анан кантип өнүгүү болот? 5-6 импорт жем ташыган жеке компаниялардын кызыкчылыктарынан жалпы Кыргызстандын кызыкчылыгы ар дайым жогору турушу керек! Мындан ары импорт болбойт. Балык өндүрүүчүлөр ата мекендик тоютту алыңыздар", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.