Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы өлкөдө өндүрүлгөн балык тоюту боюнча маалымат берди

Быйыл 9 айда өлкөдө 5 500 тонна балык тоюту өндүрүлгөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.

Ал Кыргызстанда балык тоютун "Тянь-Шань форель", "Салих ЛТД", "Био Жем" жана "Аква Вин" ишканалары өндүрөрүн белгилеп, алардын жалпы жылдык кубаттуулугу 67-73 миң тоннаны түзөрүн айтты.

"Тянь-Шань форелден" башка үч ишканадан 80-90дой балык чарбасы тоют сатып алып, жалпы инвестиция 15,83 миллион долларды түзгөн. Аталган ишканаларда жалпысы 120 адам жумуш менен камсыз болгон. Ишканалар боюнча негизги көрсөткүчтөргө келсек, "Тянь-Шань форель" ишканасынын жылдык кубаттуулугу 30 миң тонна болсо, 2026-жылдын 9 айында өндүрүшү 1500 тоннаны түзгөн. Бул ишкана орто эсеп менен 18-25 балык чарбасына тоют саткан. Инвестициясы 6,83 миллион долларды, жумуш орду 40–60ты түзгөн.

"Салих ЛТД" ишканасынын кубаттуулугу 4–5 миң тоннаны, өндүрүшү 2100 тоннаны түзөт. Бул ишкана 31 чарбага тоют саткан. Анын инвестициясы 5 миллион долларды, жумуш орду 30ду түзгөн. "Био Жем" ишканасынын кубаттуулугу 30–35 миң тоннаны, өндүрүшү 1300 тоннаны түзүп, орто эсеп менен 37–40 чарбага тоют саткан. Инвестициясы 4 миллион долларды, жумуш орду 25–30ду түзгөн. "Аква Вин" ишканасынын кубаттуулугу 3 миң тоннаны, өндүрүшү 600 тоннаны түзгөн.
Ошентип, жалпы төрт ишкананын кубаттуулугу 67–73 миң тоннаны, өндүрүшү болсо 5 500 тоннаны түзгөн.
Орто эсеп менен 86–96 балык чарбасын тоют менен камсыз кылышкан. Жалпы инвестициясы 15,83 миллион доллар. Тоюттун курамына келе турган болсок, анын 25 пайызы жергиликтүү кошулмалардан турат. Ага жүгөрү жана жүгөрү белогу, буудай уну, крахмал, минералдык кошулмалар кирет. Калган 75 пайызы импорттолгон кошулмалардан турат. Ага балык уну, соя майы жана шроту, астаксантин, амин кислоталары, премикстер кирет.
Жыйынтыктап айтканда, жергиликтүү өндүрүш 2022-жылдагы 590 тоннадан 2026-жылдын 9 айында 5 500 тоннага чейин өскөн. Импорт 2022–2023-жылдары эң жогорку чекке жетип, 12,5–12,9 миң тоннаны түзгөн. Экспорттун 75 пайызын форель тоюту түзөт", - деп жазды өкмөт башчы соцтармактагы баракчасына.
Ал ошондой эле мындан улам балык тоютун импорттоого тыюу салынганын жарыялады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан