Панамада 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңизинин сейсмологиялык борбору билдирди.
Борбордун маалыматы боюнча, кечээ, 9-октябрь түштөн кийин болгон жер силкинүүнүн очогу Панама шаарынан 213 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөөнүн очогу 12 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Панаманын маалымат каражаттары жер титирөө зонасында дүрбөлөң болуп, окуучулар мектептерден, жумушчулар кеңселерден жана үйлөрдөн эвакуацияланганын жазышты. Азырынча кыйроолор же курмандыктар тууралуу маалыматтар жок.