Кечээ, 9-октябрда Түркиянын Кожаэли шаарында “Орток мурас - бир жүрөк” аталышында түрк тилдүү жаштардын форуму башталды.
Ага Кыргызстандан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери жана Түркиянын Кожаэли шаарында билим алып жаткан Кыргыз жаштары катышууда.
"Бул маанилүү жолугушуу түрк дүйнөсүнүн жаштарынын ортосундагы достук менен тилектештикти бекемдеп, өлкөлөрүбүздүн жаш муундарынын ортосундагы боордоштук байланыштарды мындан ары да чыңдоого жана жалпы келечегибизди курууга салым кошот", - деп белгиленди маалыматта.
Иш-чара концерттер, ар кандай маданий программалар, экскурсиялар жана панелдик талкуулар менен коштолууда. Форум 11-октябрда жыйынтыкталат.