Биз социалдык тармакта

Алайдын тургуну Садыр Жапаровго кайрылды (видео)

Оштун Алай районунун тургуну президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал окуучу баласы мугалим тарабынан ыдык көргөнүн, кийинчерээк мугалим каза болуп, бул ишке бир туугандары айыпталып жатканын айтат.

Анын айтымында, мугалим окуучуну WhatsApp аркылуу жолугушууга чакырып, сексуалдык аракеттерди жасаган.

"Баламга ал жазып келген. Балам үйдөгүлөргө билдирбей класс жетекчисине жана аймактык милицияга кайрылган. Бирок эч кандай аракет көрүшкөн эмес. Баламды унаасына салып, айылдын четине алып чыккан. Ушул учурда мектеп завучу иниме чалган. Иним менен агам арытанан милиция кызматкерлери менен бирге барып, унаадан кармашкан. Бирок бир туугандарым арыз жазышкан эмес.

Эртеси агам анын айылда жүргөнүн угуп, мугалимге барган. Ал болсо милицияга кете турганын айткан. Агам ага эч кандай күч колдонгон эмес. Төрт күндөн кийин мугалим каза болгон. Анын өлүмүнө менин бир туугандарымды күүнөлөп жатышат. Ак жеринен бир туугандарым күнөөлөнүп жатат. Учурда агам ооруканада. Мен муну өз көзөмөлүңүзгө алууну өтүнөм", - дейт ал.

Алайдын тургуну Садыр Жапаровго кайрылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан