Биз социалдык тармакта

Президентке кайрылуу... Ош милициясы Алайдагы окуя боюнча маалымат таратты

Бүгүн, 10-октябрда Ош облустук милициясы Алайда болгон окуя боюнча маалымат таратты.

Билдирүүдө милицияга 17-июнда 18 жаштагы жигитке 39 жаштагы жаран тарабынан WhatsApp аркылуу сексуалдык сөздөр жазылып жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Факт каттоого алынып, ага тиешеси барлар суракка алынышкан.
Натыйжада, 39 жаштагы жарандын аракеттеринен Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси (Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо) боюнча кылмыш белгилери айкын байкалган. Бирок, ошол эле күнү Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычындагы суудан шектүүнүн жансыз денеси табылган. Мындан улам ага кылмыш иши козголгон эмес.
Маркумдун жубайы милицияга кайрылып, жолдошун эки жаран сабашканын, ошонун айынан жолдошу каза болгондугун билдирген. Бул боюнча экспертизалар дайындалган. Чогултулган материалдын жана экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Ал эми аймык милициянын кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу), 367-беренеси (Кылмышты жаап-жашыруу) менен кылмыш иши козголуп, УКМК тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин Алай районун тургуну президентке кайрылып, баласы мугалим тарабынан ыдыкка кабылганын, бирок мугалим каза болуп калып, ага кайра бир туугандары күнөөлөнүп жатканын айтып чыккан. Анын айтымында, окуучу ыдык боюнча аймактык милицияга кайрылганы менен майнап болгон эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан