Биз социалдык тармакта

Милиция кызматкерлерин алдайбыз деген ага-ининин ою ишке ашкан жок (видео)

Бишкекте жол тескөөчүлөрдү алдоого аракет жасагандардын ою ишке ашкан жок.

Кайгуул кызматынын бүгүн, 10-октябрдагы маалыматы боюнча, калаанын Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол тескөөчүлөр бир унааны токтотушкан. Токтоткондон кийин айдоочу менен жүргүнчү инспекторлордун көз алдында орундарын алмаштырып, унааны ким башкарып келе жатканын жашырууга аракет кылышкан.

Бирок кызматкерлер окуянын чоо-жайын аныкташкан. Айдоочу унааны мас абалында өзү башкарганын мойнуна алган. Натыйжада унаа айып короого киргизилип, айдоочуга 80 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле ал эки жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Видеодо алардын ага-ини экени айтылат.

Милиция кызматкерлерин алдайбыз деген ага-инин ою ишке ашкан жок
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан