Бүгүн, 10-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорттук аренада жаңыланган жеңил атлетика боюнча чуркоо жолунун салтанаттуу ачылышы өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдиргендей, анын ачылышына өкмөт башчынын кеңешчиси Медетбек Букуев, Жеңил атлетика федерациясынын өкүлдөрү, белгилүү спортчулар, Спорт агенттигинин кызматкерлери жана борбор калаанын тургундары катышкан.
"Объект швейцариялык CONICA брендинин технологияларын колдонуу менен жасалган заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Атайын белгилер түшүрүлүп, жеңил атлетиканын бардык секторлору даярдалды. Чуркоо тилкелеринин саны мурда сегиз болсо азыр тогузга чейин көбөйтүлдү.
Чуркоо жолундагы белгилер World Athletics эл аралык уюмунун талаптарына толугу менен жооп берет. Ар бир сызык жана белги жеңил атлетика боюнча мелдештерди өткөрүүдө зарыл болгон тактыкты жана белгиленген стандарттардын сакталышын камсыздайт. Жаңыланган спорттук объектте Бишкек шаарынын тургундары күн сайын саат 06:00дөн 09:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин акысыз машыга алышат. Калган убакта объект спортчулардын машыгуулары үчүн пайдаланылат", - деп айтылат маалыматта.