АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путин Армения менен Азербайжандын ортосундагы Вашингтондун ортомчулугу аркылуу жетишилген келишимдерге таң калганын билдирди.
Америкалык лидердин айтымында, орус президенти чыр-чатакты 10 жылдан бери чечүүгө аракет кылып келген, бирок андан майнап чыккан эмес.
"Президент Путин мага "мен бул чыр-чатакты чече алганыңызга ишене албайм. Мен муну 10 жылдан бери жасоого аракет кылып келгем" деди", - деп белгиледи Ак үйдүн башчысы жума күнү Нью-Йорк штатында өз тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып.