АКШнын Флорида штаты Исаиас бороонунан жапа чегүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, кечээ, 9-октябрда кечинде башталган бороон аймактын ички тарабына жылып бара жатат. Анын ылдамдыгы болжол менен саатына 31 чакырым. Бороондун очогундагы шамалдын ылдамдыгы 45 метр секунддан ашкан. Флоридада 222 миңден ашык жаран бороондон улам электр жарыгысыз калууда.