Башкы прокуратура УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетов кармалганын тастыктады.
Маалыматта алар ишкерден ири көлөмдө пара алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатышканы айтылат. Шектүүлөр Аскер прокуратурасы тарабынан колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин алардын кармалганы айтылып жаткан эле.