Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы жаңы жетекчини чек арачыларга тааныштырды

Бүгүн, 10-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамына жаңы төрага Данияр Сатимовду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жолугушуунун жүрүшүндө Касымалиев ведомствонун алдыдагы мезгилге карата ишинин негизги багыттарын белгилеп, башкы артыкчылыктардын катарында мамлекеттик чек араны ишенимдүү коргоону жана кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууну бөлүп көрсөткөн.

Соңунда Касымалиев Данияр Сатимовго жана чек ара ведомствосунун бардык өздүк курамына мамлекеттик милдеттерди аткарууда ийгиликтерди каалаган.

Айта кетсек, кечээ күнү Абдикарим Алимбаев чек ара кызматынын төрагасынан бошотулган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан