Биз социалдык тармакта

Өкмөт башчы, спикер, мэр Бишкектеги иш-чарага барышты (сүрөттөр)

Бүгүн, 10-октябрда Бишкектеги эски аянтта Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу маданий-көргөзмө иш-чарасы өтүп жатат.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев барган. Сүрөттөрдөн парламент төрагасы Марлен Маматалиев менен борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевди дагы көрүүгө болот.

"Мааракелик иш-чарада Чүйдүн экономикалык, маданий жана социалдык жетишкендиктери чагылдырылууда. Ал жакта облуска караштуу бардык райондордон, шаарлардан жана облустук структуралардан атайын боз үйлөр тигилип, кыргыз элинин улуттук каада-салттары, кол өнөрчүлүк үлгүлөрү жана улуттук тамак-аштар меймандарга тартууланууда.

Чүй облусунда иштеп жаткан ири ишканалардын, өндүрүш ишканаларынын продукциялары көргөзмөгө коюлуп, аймактын экономикалык потенциалы көрсөтүлүүдө. Мааракенин урматына өзгөчө белек катары узундугу 120 метрди түзгөн чучук даярдалып, келген конокторго берилүүдө. Майрамдык салтанат ар тараптуу оюн-зоокторго, балдар үчүн көңүл ачуучу аянтчаларга жана республиканын таанымал маданий кызматкерлери катышкан чоң концерттик программалар менен коштолууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан