Бүгүн, 10-октябрда Бишкектеги Медеров жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги мейманканадан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тилсиз жоо кеңсенин 400 чарчы метрин жалмап кетти. Өрт толугу менен саат 21:35 чамасында өчүрүлдү.
Жалпысынан 250 адам эвакуациаланып, жабыркагандар жок.