Башкы прокуратура УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетовдун кармалышын саясатташтырбоого чакырды.
Маалыматтык видеодо Досмамбетов опузалап акча алаган ишкерден кечирим сурап, 150 миң доллар кайтарып берип жатканы айтылат.
Айта кетсек, алар ишкерден ири көлөмдө пара алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатышат. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен. Учурда тергөө иштери уланууда.