Өлкө башчы Садыр Жапаров быйыл Чүй облусун өнүктүрүүгө президенттин турукташтыруу фондунан 10 миллиард сом бөлүнгөнүн айтты. Бул тууралуу мамлекет башчысы кечээ, 10-октябрда Чүй облусунун 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
"Ал каражатка облустун аймагында жаңы социалдык объектилер курулуп, өндүрүш ишканалары ачылды. Биздин экономикалык алга жылууларыбыз,
албетте, куштун эки канатындай болуп, маданий иш-аракеттер менен да коштолушу абзел.
Чүй облусу — заманбап инфратүзүмү бар, инвестиция тартуу үчүн жагымдуу, өндүрүшү күчтүү, айыл чарбасы технологиялык жактан өнүккөн, туризми жандуу, маданий-тарыхый эстеликтерге бай жана жаштар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн асыл аймак.
Мындай мүмкүнчүлүк менен биз келечекте мындан да зор бийиктиктерге жетишүүгө тийишпиз. Көп этностуу, биримдиктүү эли, берекеси төгүлгөн жери менен Чүй облусунун жалпы өлкөнү алдыга сүйрөй турган социалдык-экономикалык борбор кызматын алдыга сүрөө өтө маанилүү", - деди өлкө башчысы.