
Чүйдүн Арашан-Чуңкурчак унаа жолунда Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын мото сүйүүчүлөрүнүн катышуусунда эл аралык мото жүрүш өттү.
Транспорт министрлиги кабарлагандай, кечээ, 10-октябрда өткөн жүрүштүн катышуучулары жаңыланган жол менен Чуңкурчак жайлоосуна барып, аймактын жаратылышына күбө болушкан.