Кечээ, 10-октябрда Испания лигасынын алкагында беттеш өткөрүп жаткан "Райо Вальекано" менен "Атлетик Бильбаонун" ортосундагы оюн токтотулду.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, буга көрүүчүлөрдүн башаламандыгы себеп болгон. "Райо Вальеканонун" күйөрмандары клубдун жетекчилигине карата нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Алар оюн талаасына кагаздан учактарды жасап учурушуп, ар кандай буюмдарды ыргытышкан.
Башкы калыс беттешти эки жолу убактылуу токтоткон. Бирок ал акыры полициянын сунушу менен оюнду биротоло токтоткон.