Оштун Кара-Кулжа районундагы Доңуз-Ой тилкесинен 11 адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, мындай чара жер көчкү коркунучунан улам жасалган. Эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү Тогуз-Булак айылындагы туугандарынын үйүнө жайгаштырылган. Учурда ал жактагы кырдаал көзөмөлгө алынууда.