Сауд Арабиясынын Жарандык авиация башкармалыгынын маалыматы боюнча, хуситтердин Эр-Рияддагы аба майданга ишемби күнү жасаган чабуулунан 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алган.
Каза болгондордун арасында төрт Сауд Арабиясынын жараны, эки Бангладеш жараны жана АКШ, Египет, Сирия, Судан, Иордания, Палестинанын бирден жараны бар.
"Жарадар болгондордун баары бир нече ооруканаларда дарыланып жатышат", - деп айтылат билдирүүдө.