Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Чүйдөн чыккан баатырларды, атактууларды тизмектеди

Өлкө башчы Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинде сөз сүйлөп жатып аймактан чыккан баатырларды, атактуу инсандарды тизмектей кетти.

"Кең Сары-Өзөн – 18-19-кылымдарда жашап өткөн Жайыл, Нышаа, Түлөберди, Бишкек, Жаманкара, Жангарач бий, Байтик, Шабдан баатыр сыяктуу кыргыздын чыгаандарын өстүргөн касиеттүү жер. Алардан берки Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков аталарыбыз Кара-Кыргыз автоном облусун түзгөндөрдүн башында болуп, мамлекетибиздин пайдубалын түптөшкөнү жалпыга жакшы маалым.

Улуу таланттар Осмонкул Бөлөбалаев, Аалы Токомбаев, Сагынбек (Сарыкунан) Дыйканбаев, Алыкул Осмонов, Абдылас Малдыбаев, Улуу Ата Мекендик согушта от кечкен Дүйшөнкул Шопоков, төкмөлүк өнөрдү биздин муунга өткөрүп калгандардын бири Ашыраалы Айталиев, кезинде кыргыз өңүн алып жүргөн Сүймөнкул Чокморов, Асанкан Жумакматовдун киндик каны да дал ушул куттуу жерге тамган. Советтер Союзу учурунда көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов, Акматбек Сүйүнбаев, азыр да арабызда ардактуу аксакалыбыз болуп отурган Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов абаларыбыз дал ушул Сары-Өзөн Чүйдүн кулундары.

Кыргыздын кыйын кыздарынын сап башында турган Кыргыз ССРнин алгачкы тышкы иштери министри Сакин Бегматова, кезинде кыргыз маданиятын жогорку деңгээлге жеткирген министр Күлүйпа Кондучалова, “төкөлдөштүн төрт кызы” аталган СССРдин эл артисттери Сайра Кийизбаева, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкова жана Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева, Социалисттик эмгектин баатырлары – Зууракан Кайназарова, Күлсара Сулайманова, Керимбүбү Шопокова, бүгүнкү биздин сыймыктарыбыз ССРдин эл артисттери Самара Токтакунова, Кайыргүл Сартбаева эжекелербиз да Сары-Өзөн Чүйдүн кыздары. Чүйдөн чыккан атактуулардын атын атай берсек, учугу түгөнчүдөй эмес, ысымдары аталбай калган агай-эжелер болсо капа болбойсуздар деп ойлойм", - деди мамлекет башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан