Бүгүн, 11-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Баткендин Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана келечектүү долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.
Маалымдалгандай, мамлекет башчысына Лейлек районунун акими Асылбек Жеңишбек маалымат берип, 2021-2026-жылдар аралыгында аткарылган иштерге токтолду. Анын маалыматы боюнча, өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 617,8 миллион сомдон 864,6 миллион сомго чейин өскөн. Жыл аягына чейин бул көрсөткүчтү 1 миллиард 50 миллион сомго жеткирүү күтүлүүдө. Өсүш 61,8 пайызды түзөт. 143 ишкана ачылып, 2 миң 124 жумуш орду түзүлгөн. Жыл ичинде райондун аймагында 36 жаңы ишкана пайдаланууга берилген.
Ал эми Сүлүктү шаарынын мэри Болот Абдыжапаров 2021-2026-жылдары жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 358 миллион сом өздөштүрүлүп, 192 иш-чара өткөрүлгөнүн маалымдады. Бул мезгил аралыгында шаарда курулуш тармагында жалпысынан 19 долбоор ишке ашырылган.
Президент белгиленген долбоорлорду өз убагында ишке ашыруунун жана Лейлек районунун, Сүлүктү шаарынын экономикалык потенциалын чыңдоого өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын баса белгиледи.