Соцтармактарда дүйнөгө белгилүү ырчы Рианна Бишкекте ырдады делген видео тарап жатат. Деген менен ал бразилиялык блогер Присцилла Беатрис болуп чыкты.
Блогер кыз дүйнөлүк ырчыга куюп койгондой окшош. Ал Бишкектеги жеке иш-чарада Рианага окшош кийинип, анын хит ырларын аткарган.