Биз социалдык тармакта

Көз ирмемде суу астында калган үйлөр... Непалда кайрадан күчтүү сел жүрдү (видео)

Непалда кайрадан күчтүү сел жүрүп, бир нече үйлөр суу астында калды. Бүгүн, 11-октябрда болгон табигий кырсык жер көчкүнүн айынан болгонун чет элдик басылмалар жазышты.

Катмандудан болжол менен 100 чакырым батыштагы дарыяны жер көчкү тосуп калып, ал жерде суунун деңгээли кескин көтөрүлгөн. Акыры суу ташкыны табигый пайда болгон дамбаны жарып, дарыянын жээгиндеги беш айылды каптаган. Натыйжада, 40 үй суу астында калып, төрт адам дайынсыз жоголгон.

Эске салсак, Непалда август айында катуу суу ташкыны болгон. Маалыматтарга караганда, 1400дөн ашык адам каза болуп, 5000ден ашуун адам дайынсыз жоголгон.

Непалда кайрадан күчтүү сел жүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан