3-октябрдан 10-октябрга чейин Малайзиянын Пенанг шаарында сурдоспортсмендер арасында Азия-Тынч океан чемпиондугу өттү.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги үч кыргызстандык спортчу үстөл тенниси боюнча мелдештерге катышканын билдирди. Жыйынтыгында командалык эсепте Кыргызстан үчүнчү орунду ээлеп, спортчулар коло медалдарга ээ болушту.