Бүгүн, 11-октябрда эртең менен Бишкектин Ала-Тоо аянтында ырчы Амирчик флешмоб уюштурду. Ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына жеринен тартылган виедео жарыялады.
Видео тасмадан Амирчиктин "Кыргызстан" ырын ырдаганын, анын артында бир топ жаштардын бийлеп жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин ырчы фдешмоб өткөрөрүн жарыялап, ага бийчилерди топтоо башталганын билдирген. Ага каалаган бийлчилер катыша алышмак.