Биз социалдык тармакта

Кармалган чекисттер бир айга камакка алынышты

УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы башчысы Каныбек Досмамбетов 9-ноябрга чейин камакка алынды. Маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматта райондук соттун чечими кечээ, 10-октябрда чыкканы айтылат. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айып тагылганы кошумчаланды.

Буга чейин Башкы прокуратура алар ишкерден ири көлөмдө пара алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалышканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dasta
2026-10-11 19:19:00
Таш доорунун тамырларын кыркыб жаткан, го акырындап.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан