Өлкө башчы Садыр Жапаров өлкөдөгү ар бир айылга кичи футбол аянтчасы салына турганын айтты.
Президент кичи футбол аянтчасы менен Нарындын, Таластын, Ысык-Көлдүн жана Чүйдүн теңи камсыз болгонун белгиледи.
"Азыр мына Баткенден башталды. Ар бир айылда болот. Алдыдагы 2-3 жылдын ичинде бүтөбүз", - деди Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Лейлек районунун тургундары менен болгон жолугушуусунда.