Бишкекте жаңы курулуштун чатырындагы өрт 800 чарчы метр аянтты жалмап кетти (видео)
Кечээ, 11-октябрда Бишкек шаарындагы Көк-Жар кичирайонунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынан өрт чыгып, толук өчүрүлдү.
ӨКМдин борбордогу башкармалыгы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты, штаб тартылды. Тилсиз жоо саат 20:30 чамасында чектөөгө алынып, саат 21:46 чамасында толук өчүрүлдү.
Өрттүн аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзгөндүгү маалыматта кошумчаланды. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Бишкекте жаңы курулуштун чатырындагы өрт 800 метр аянтты жалмап кетти