Казакстандык блогер, Маркиза аты менен таанылган Дарья Подгорная кечээ, 11-октябрда социалдык тармактарда трендге айланган видео бөлүштү.
Видеодо ал орусиялык ырчы Юлия Савичева менен рэпер Джигандын "Отпусти" ырына тамашалуу видео тарткан. Анда Кыргызстандын жол тескөөчүлөрү ага карата протокол түзүп жатканын көрүүгө болот.
Мындан тышкары, видеодо милициянын кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Надырбек Жусупбеков байкалат.