Биз социалдык тармакта

Өзбекстанда MrBeast'ти көрүүгө келген күйөрмандар тебелендиде калышты (видео)

АКШлык белгилүү блогер MrBeast'ти көрүүгө Самаркандга келген күйөрмандардын арасында түртүшүү жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда өзбекстандык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, 10-октябрда блогер Регистан аянтына барганда, аны көрүүгө көптөгөн күйөрмандар чогулду. Окуя болгон жерге Улуттук гвардиянын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тартылды.

MrBeast'тин айтымында, анын унаасынын артынан 1000ден ашык адам ээрчип, бул тартуу иштерине тоскоолдук жараткан.

Кечээ, 11-октябрда MrBeast Өзбекстандан кеткени белгилүү болду. Анын видео тарткан чыгармачылык тобу Бухара жана Хива шаарларындагы тарыхый жайларды тасмага түшүрүүнү улантат.

Өзбекстанда MrBeastти көрүүгө келген күйөрмандардан улам башаламандык жаралды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан