Биз социалдык тармакта

Эр-Рияд аэропортундагы сокку: Жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок

Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарындагы "Падыша Халид" атындагы эл аралык аэропортко жасалган соккулардын кесепетинен каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 12-октябрда билдирди.

Айта кетсек, ишемби күнү хуситтер Эр-Рияддагы аба майданга чабуул жасашкан. Анын кесепетинен 12 адам каза болуп, 309 адам жаракат алган.

ТИМ аталган өлкөгө барууну пландап жаткан же анын аймагында жүргөн мекендештерге төмөнкүлөрдү сунуштады:

  • Жеке коопсуздук чараларын көрүүнү;
  • Жергиликтүү бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүнө көз салууну жана алардын көрсөтмөлөрүн аткарууну;
  • Авиакомпаниялардан жана аэропорттордон авиакаттамдардын макамын алдын ала тактоону;
  • Кооптуу болушу мүмкүн болгон аймактарга, ошондой эле чектөөлөр киргизилген жерлерге баруудан алыс болууну.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан