Биз социалдык тармакта

Эми Бельгияда окуучулар жана студенттер нааразычылык акциясына чыгышты

Брюсселде мектеп окуучулары жана студенттер массалык митингге чыгышты. Буга Белгиянын билим берүү министри Валери Глатиньинин окуу жайларга бөлүнгөн каражаттарды кескин үнөмдөө саясаты себеп болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, нааразычылык акциясынын катышуучулары билим берүү мекемелеринде сабак өтүүгө эң жөнөкөй ресурстардын жоктугу, компьютерлердин тартыштыгы жана адистердин жетишсиздигин айтышкан. Ошондой эле мектептерде окуу жылы башталгандан бери химия сабагы бир да жолу өтүлбөгөнү белгилүү болду.

"Бул жүрүш 9-октябрда Леон Лепаж атындагы мектептин имаратынын жанында башталган. Катышуучулар жол кыймылын үзгүлтүккө учуратып, баррикадаларды тургузуп, пиротехникаларды колдонушту. Кийинчерээк окуучулар өлкө борборундагы Борбордук вокзалга багыт алып, ал жактан жаштарга профсоюздун массалык акциясынын катышуучулары кошулган. Полиция элди таратыш үчүн суу аткычтарды жана көздөн жаш агызуучу газды колдонууга мажбур болду",- деп билдирди маалымат каражаттары.

Кошумчалай кетсек, буга чейин окуучулардын митинги Францияда да болгон. Анда окуучулар ашыкча оор мектеп программасына, класстарда окуучулардын санынын көптүгүнө жана адистердин жетишсиздигине нааразы болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан