Биз социалдык тармакта

Президент: "Өспүрүм кыз менен мамиледе болгондорду эч ким жазадан куткара албайт" (видео)

Президент Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен районунун жана Баткен шаарынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Анда Сай айылынын тургуну майыптуулугу бар кайын эжесинин уулу Кылмыш-жаза кодексининин 157-беренеси менен (Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) камалганын билдирди. Бирок жабырлануучу тарап эч кандай арыз жазбаганын белгилеп, ал камактагы жигитке ырайым берүүнү суранды.

"Арыз жазса да, жазбаса дагы жашы жете элек кыз менен мамиледе болгондон кийин - бул кылмыш. Аны прокурор дагы, мен дагы (президент) жазадан куткара албайт", - деди президент.




Президент: "Жашы жете элек кыз менен мамиледе болгондорду прокурор дагы, президент дагы жазадан куткара албайт"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан