Өзбекстандан келген этникалык кыргыз, Баткендин Кара-Бак айылынын 27 жаштагы тургуну Кыргыз жарандыгын жана паспорт ала албай жатканын айтып президентке кайрылды.
Айтымында, ал 2012-жылы үй-бүлөсү менен Өзбекстандан көчүп келген.
"Азыркы учурда Кыргыз жарандыгын жана паспорт ала албай келем. 4 балам бар. Алардын дагы туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок. Жолдошум Кыргыз жараны",- деди ал.
Президент тиешелүү жетекчилерге кайрылып, этникалык кыргыздарга паспорт берүү маселесин тездетүүнү тапшырды.
Айта кетсек, Садыр Жапаров 11-октябрда Баткен районунун тургундары менен жолугушуп, жеринде көйгөйлөрдү укту.