Токмок шаарында аялдын өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Чүй облустук милициясы билдирди.
Белгилей кетсек, окуя 25-сентябрда болгон. Милиция Жантаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 1953-жылы туулган С.И. аттуу аялдын денеси зомбулуктун белгилери менен табылганын маалымдаган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 1998-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалды.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.