Билим берүү тармагына 2027-жылы республикалык бюджеттен 127,2 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу 12-октябрда финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева парламенттин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында айтты.
Анын айтымында, келерки жылы окуу китептерин чыгарууга 1,5 миллиард сомдон ашык каражат каралат. Андан тышкары Турукташтыруу фондунан 8,5 миллиард сом каралууда. 2025-жылы бул максатта 815,4 миллион сом бөлүнгөн.