Биз социалдык тармакта

Кыргызстанга мээни операциясыз дарылоочу "гамма-бычак" алып келинди (видео)

Кыргызстанга мээнин шишиктерин операциясыз дарылоого мүмкүндүк берген "гамма-бычак" аппараты алып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Орозобаева билдирди.

Анын айтымында, аппаратты сатып алууга президент Садыр Жапаров каражат бөлдү.

"Бүгүн - тарыхый күн. Кыргызстанга гамма-бычак алып келинди. Чынын айтсам, президентибиз Садыр Нургожоевичке өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Дал ушул аппаратты сатып алуу үчүн каражат бөлгөн",- деди ал.

Ошондой эле Орозобаева заманбап жабдык Бишкек шаарындагы Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында орнотулганын белгиледи. Анын жардамы менен бейтаптар чет өлкөгө чыкпай эле, Кыргызстанда заманбап ыкма менен дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушарын кошумчалады.

Кыргызстанга мээни операциясыз дарылоочу "гамма-бычак" алып келинди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан