Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарындагы эл аралык аэропортко жасалган ракеталык чабуулдан Өзбекстандын эки жараны жеңил жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, кырсык 10-октябрда аэропорттун №3 терминалына баллистикалык ракета менен сокку урулганда болду. 1977 жана 1997-жылы туулган жарандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, кийин ооруканага жеткирилди. Текшерүүдөн жана тиешелүү дарылоодон соң экөө тең ооруканадан чыгарылды.
Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстандын ТИМи аталган аталган чабуулда жаракат алган жана каза болгон жарандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирип, каргашалуу окуяны айыптады.